Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздүКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгиленди
Республикалык команда-штабдык машыгуу жыйынтыкталды
24.10.2025 | 16:00

Бишкекте өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда Жарандык коргонуу органдарынын аракеттерин баалоо боюнча үч күндүк республикалык команда-штабдык машыгуу жыйынтыкталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, машыгуу пезиденти, Жарандык коргонуу башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгын аткаруу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин таршырмасы менен өткөрүлдү.
Иш-чарада жер титирөө кырсыгына даярдык, жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү жана ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгү текшерилди.
Машыгуунун негизги максаты Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана мамлекеттик тутумдун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом