Патрулдук унаа жеңил унаа менен кагылышты. Жаракат алгандар барКадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылдыПрезидент Жалал-Абадда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборун ачтыЕвропа инвестициялык банкы «CASA-1000» долбоорун кошумча каржылайт. Президент мыйзамга кол койдуСамат Кыргыз Абдрахманов Бишкектеги бокс кечесинде жеңишке жеттиАрыкка чөгүп кеткен. Кара-Балта жактан психдиспансердин бейтабынын сөөгү табылды
Царикаевди сабаган жарандар СИЗО-1ге киргизилди
27.10.2025 | 16:21
Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду (Царикаев) сабаган жарандар СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук сотунун чечими менен 3 шектүү эки айга, ал эми бирөө 2 жумага камакка алынган.
Эске салсак, 25-октябрда Бишкекте Алыкулов жана Өмүр көчөлөрүнүн кесилишинде 4 адам Царикаевдин унаасын сүзүп, андан кийин өзүн сабап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголуп, 27 жаштагы Ж.А., С.А., Э.А. жана С.Э. кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар



