Ар бир кыргызстандык акысыз түрдө IT-көндүмдөрүн үйрөнө алат — «One Million Coders» программасы башталды

28.10.2025 | 11:38

Кыргызстанда «One Million Coders» аттуу кыргыз–эмираттык программа расмий түрдө ишке кирди. Бул программа каалоочулардын бардыгына санариптик көндүмдөрдү акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын басма сөз кызматы билдирди.

Эми кыргызстандыктар да бул программага катыша алышат: окутуу Udacity (АКШ) онлайн платформасында жүргүзүлөт. Катышуучулар заманбап IT көндүмдөрүн өзүнө ыңгайлуу убакта өздөштүрүп, эл аралык үлгүдөгү сертификаттарга ээ боло алышат.

Программа кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат:

  • веб-түзүү, маалыматтарды анализдөө, жасалма интеллект жана башка багыттар боюнча акысыз курстар;
  • окууга жана жумушка орношууга жардам бере турган эл аралык сертификат;
  • Udacity платформасынын окуу материалдарына жетүү;
  • жаш курагына, жашаган жери же социалдык абалына карабастан IT тармагында карьера баштоо мүмкүнчүлүгү.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, «One Million Coders» демилгеси Кыргызстандагы жаштарга дүйнөлүк санариптик коомчулуктун бир бөлүгү болуп, өлкөнүн технологиялык потенциалын өнүктүрүүгө өз салымын кошууга шарт түзөт.

Каалоочулар Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркына (@htp.kg) таандык Instagram баракчасында жайгашкан шилтеме аркылуу катталып, катышуу боюнча толук көрсөтмө менен таанышса болот.

«One Million Coders» — Бириккен Араб Эмираттарынын колдоосу менен ишке ашып жаткан эл аралык билим берүү долбоору. Анын максаты — бир миллион адамды программалоо, санариптик сабаттуулук жана инновациялык ой жүгүртүү көндүмдөрүнө үйрөтүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) — IT-индустриянын өнүгүшүн колдогон мамлекеттик уюм. ЖТП резиденттерине салыктык жеңилдиктер берилет (КНС 0%, киреше жана сатуу салыгы 0%), бюрократиялык тоскоолдуктар минималдуу, ошондой эле 10 жылдык мөөнөткө Digital Nomad статусун алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күндө парк 500гө жакын IT компанияларды бириктирип, Кыргызстанды санариптик технологиялар чөйрөсүндө чыңдап келүүдө.

Scroll to Top