Кендирбаева: 200 мектеп мугалими Москвада стажировкадан өтүп жатат

29.10.2025 | 11:42

Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын чыңдоо алкагында 200гө жакын мектеп мугалими Москва шаарында стажировкадан өтүштү. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева III Мектеп жетекчилеринин форумунда билдирди.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта Москвага дагы 200гө жакын мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жөнөтүлөт. Ошондой эле Кендирбаева орус тили Кыргызстанда расмий макамга ээ болуп, билим берүү системасынын маанилүү бөлүгү бойдон калганын белгиледи, калктын 87 пайызы орус тилинде эркин сүйлөйт.

Министр кошумчалагандай, учурда өлкөгө улуттук стандарттарга ылайык даярдалган 600 миңге жакын орус тили боюнча окуу китептери келе баштады. Билим берүү системасын жаңылоо иштери президенттин тапшырмасынын негизинде, эмгек рыногунун талабын эске алуу менен жүргүзүлүп жатат. Реформанын алкагында Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өттү. Мамлекеттин эсебинен биринчи жолу 200гө жакын мектептин курулушу жүрүп, мугалимдердин айлыгы жогорулатылып, алардын иши үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүүдө.

Scroll to Top