Садыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катышты

22.04.2026 | 13:27

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Аймактык экологиялык саммитке катышуу үчүн Астанага барып, саммиттин иш-чараларына катышты, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Анын маалыматы боюнча, EXPO Эл аралык көргөзмө борборунун аянтында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчыларын тосуп алды.

«Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Кыргызстандын, Казакстандын, Грузиянын, Түркмөнстандын, Монголиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын лидерлери, ошондой эле Азербайжандын премьер-министри жашыл жана туруктуу технологиялардын эл аралык көргөзмөсү менен таанышып чыгышты», – деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөдө катышуучу өлкөлөрдүн улуттук павильондору коюлганы белгиленет.

«Кыргыз павильонунда ата мекендик компаниялардын өндүрүмдөрү (продукциялары), анын ичинде күн панелдери, жер семирткичтер жана электромобилдер үчүн кубаттоочу түзүлүштөр көрсөтүлдү. Экспозицияны көрүп чыккандан кийин делегация башчылары саммиттин пленардык жыйынына катышуу үчүн Конгресс-борборго барышты», – деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.

Аймактык экологиялык саммит БУУнун колдоосу астында туруктуу өнүгүү боюнча жалпы көз карашты калыптандырууга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экологиялык саясатын координациялоого багытталган. Иш-чаранын алкагында пленардык жыйындар, тематикалык панелдерди өткөрүү жана жашыл технологиялар көргөзмөсүнүн иштөөсү каралган.

Scroll to Top