Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Дастан Бекешев окуучуларга футболка жана джинсы менен мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштады
22.04.2026 | 13:13
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп формасына коюлган талаптарды кайра карап чыгуу сунушун Министрлер кабинетине билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Агартуу министрлигинин алдында бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бирок, депутат белгилегендей, комиссия иштебей, маселе чечилбей келет.
Парламентарийдин пикиринде, мектеп формасы ысыкта да, суукта да ыңгайсыздык жаратат.
«Кыздардын фартук, кыска юбка кийиши милдеттүү эмес. Джинсы менен да барса болот. Суранам, бул маселеге адамгерчилик менен мамиле жасап, олуттуу деңгээлде карап чыгалы», — деди ал президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: Жогорку Кенеш