Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУ жасалма интеллект жаатында кызматташат

31.10.2025 | 15:50

Кыргызстан санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект боюнча ДССУ менен кызматташууну бекемдейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Копенгагенде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймагы боюнча 75-сессиясынын алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ДССУнун Европа аймактык бюросунун санарип саламаттык сактоо боюнча кеңешчиси Дэвид Новилло менен жолугушкан.

Жолугушууда тараптар санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу, санариптик технологияларды коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонуу маселелерин талкуулашкан. Бул аракеттер Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы санариптик трансформациясын тездетүүгө багытталган.

Ошондой эле тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына жасалма интеллект жана санариптик чечимдерди киргизүү демилгесин колдоого даяр экендигин билдиришкен.

ДССУ Кыргызстандын санарип саламаттык сактоо жаатындагы улуттук артыкчылыктарын колдоого даяр экенин билдирген.

Scroll to Top