Баткенде сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Тургундар кооптонуп, президентке кайрылыштыКыргызстан менен Беларусь Минскиде алты кызматташтык документине кол коюштуБишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырдыТашиев өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМ жетекчисинин аракеттерин текшерүүгө чакырды
ЖКда жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүү сунушталды
15.04.2026 | 16:47
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгуль Ахмедова жарандарды жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын ишмердүүлүгү боюнча маселени көтөрдү.
Анын айтымында, мындай уюмдардын ишине байланыштуу ага көптөгөн даттануулар түшүүдө. Айрым компаниялар жумушка орноштуруу үчүн жарандардан ири суммадагы акча алып, өз милдеттенмелерин аткарбай жатканы белгиленди.
Ушуга байланыштуу депутат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине укук коргоо органдары менен биргеликте мындай компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерип, жыйынтыгын маалымдоону өтүндү.
Депутат ошондой эле мыйзам бузган компанияларды жоопкерчиликке тартуу керектигин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Жогорку Кенеш