Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Бишкекте баңгизат сатууга шектелип эки киши кармалды. Алардын бири акимиатта иштейт
03.11.2025 | 23:16
Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкекте баңгизат сатууга шектелип эки эркек кишини кармашты.
Алар гашиш жана марихуана сыяктуу баңгизаттарды ири көлөмдө сатып жүрүшкөнү аныкталды. Тинтүү маалында шектүүлөрдүн үйлөрүнөн дагы баңгизаттар табылган.
Алардын бири Свердлов райондук акимиатында иштейт. Натыйжада ал камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар




