Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкекте мас айдоочу кайгуулчулардан качып ЧЧКга секирген. Аны чыгарып, айып салышты
03.11.2025 | 21:59
«102» кызматына Бишкеектин бир көчөсүндө мас абалындагы айдоочу автоунаа айдап жүргөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Маалымат алынгандан кийин кайгуулчулар көрсөтүлгөн дарекке чыгып, автоунааны табышкан, бирок айдоочу качып кетүүгө аракет кылган. Айдоочунун артынан кууп баратканда, ал токтоп, ЧЧКга секирген. Кайгуул милиция кызматкерлери анын артынан сууга секирип, аны чыгарып, нөөмөт бөлүмүнө жеткиришкен.
Экспертиза айдоочунун мас абалда болгонун тастыктаган. Анын үстүнөн административдик протокол түзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар