15-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтБул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!
4-ноябрь: Өлкө боюнча жаан-чачын жана кар жаашы күтүлөт
04.11.2025 | 09:00

Бүгүн, 4-ноябрда, Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым жерлерде карга айланышы күтүлөт. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -1…4°C, күндүз 3…8°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 1…3°C, күндүз 6…8°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 8…10°C, күндүз 13…18°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 8…10°C, күндүз 13…15°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 6…8°C, күндүз 12…14°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 6…10°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 0…+2°C, күндүз 7…9°C болот.
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 3…5°C, күндүз 6…8°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом