Акчага «акыл-эсинен айныган» деген маалым кат жасашкан. Милиционер менен дарыгер кармалды

04.11.2025 | 10:17

УКМК кызматкерлери милиционер жана психдиспансердин дарыгери катышкан коррупциялык схеманы аныкташты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аныкталгандай, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 50 жаштагы психолог-эксперти А.Ч.Ш. Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматынын 31 жаштагы орун басары А. уулу Ж. менен алдын ала сүйлөшүп, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган жарандарды жоопкерчиликтен куткаруу үчүн мыйзамсыз түрдө «акыл-эсинен айныган» деп таануу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

«2025-жылдын январь айында Бишкек шаардык ИИББнин кызматкерлери тарабынан баңгизат сатуу фактысы боюнча 18 жаштагы кыз кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Ленин райондук ИИБнин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары А. уулу Ж. кыздын туугандарынан аны акыл-эсинен айныган деп таануу үчүн 1,5 миллион сом талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

Милиционер менен дарыгер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши уланууда.

Scroll to Top