«Кепилдик капиталынын бир сому 10 сом насыя бере алат» – Нургүл Акимова туризмди өнүктүрүү тууралуу
Кыргызстандагы туризмдин өсүшү (2024-жылы 8,6 млн конок) өлкөнүн туристтик багыт катары позициясынын кескин өзгөргөнүн көрсөтүп турат. Мындай тыянакты Эл аралык аймактарды өнүктүрүүнү изилдөө боюнча Atlas эл аралык бюросу ден соолукту чыңдоо туризми тармагына жүргүзгөн анализинин жыйынтыгында чыгарган. Бул изилдөөнүн негизги жыйынтыктары Кыргызстандын санаторий-курорттук кызмат көрсөтүү сектору туруксуз экенин көрсөтүп турат.Өлкөгө келген туристтердин саны рекорддук деңгээлде болуп жана дүйнөдө wellness-туризм гүлдөп жаткан чакта, жергиликтүү ден соолукту чыңдоочу жайлардын басымдуу көпчүлүгү конокторго заманбап кызматтарды көрсөтө алышпайт. Өлкө боюнча курорттордун 97% га чейини совет доорундагы эскирген дарылоо системасын же кызмат көрсөтүүлөрдүн башаламан тизмесин сунуштап, комплекстүү ден соолукту чыңдоо продуктусун сунуштай алышпайт. Ал эми жакынкы убакка чейин объекттердин эскириши критикалык чекке жеткени маалым. Мындан улам мамлекет бул мекемелерди оңдоого жана жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө, анын ичинде атайын түзүлгөн дирекция аркылуу ондогон миллион долларларды багыттады.
Ошого карабастан, Atlas бюросунун маалыматтарына ылайык, реконструкциялоо менен эле маселе толук чечилбейт. Кыргыз Республикасындагы бардык туристтик уюмдардын 87,6% жеке ишкерлер болуп саналат. Рынок чачыранды, санариптештирүү деңгээли төмөн, ал эми ири санаторийлер негизинен төмөн жана орто баа сегментинде иш алып барат. Натыйжада, сапаттуу, чыныгы жана медициналык жактан негизделген wellness эс алууга болгон суроо-талап бар, бирок ал толук кандуу сунушталбай, пайдаланылбай жатат. Ошол эле учурда Кыргызстандагы санаторийлер longevity жана биохакинг багыттарына интеграцияланууга толук жөндөмдүү. Нарын облусунан баштап Баткенге чейинки көптөгөн аймактар жашыруун ресурстук потенциалга ээ, ал эми инвесторлор дээрлик бардык форматтарды карап чыга алышат. Алар: кымыз менен дарылоо жана ат маршруттары камтылган чакан эко-санаторийлерден баштап, эски советтик ден соолук чыңдоо жайларын 5 жылдыздуу деңгээлдеги курортторго айландырууга чейин.
Бирок муну менен катар системалык көйгөйлөр да ачыкка чыкты: Ысык-Көлдөгү көп миллиарддаган көмүскө жүгүртүүдөн баштап, советтик санаторийлердин жеке инвестор үчүн өзүн актабагандыгына чейин. Акырында эң баалуу активди: жаратылышты жоготуу коркунучуна чейин.
Экономист, КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун аналитиги Нургүл Акимова Reporter.kg басылмасына берген маегинде, Улуттук статистика комитетинин сандарын жана өзүнүн эсептөөлөрүн колдонуп, салык жеңилдиктери эмне үчүн иштебей жатканын, улуттук ден соолук брендин түзүүгө эмне тоскоол болуп жатканын жана мыйзамсыз конок үйлөрүн куруудан бюджет канча жоготуп жатканын түшүндүрүп берди.

— Эң көйгөйлүү маселе, Ысык-Көлдөгү көмүскө сектордон баштайлы. Анын масштабы кандай жана бюджетке канча зыян келтирүүдө?
— Маселенин масштабы бир эле булактан — Улуттук статистика комитетинин «Кыргызстандагы туризм 2020–2024» жыйнагындагы эки цифра менен аныкталат. 2024-жылы Ысык-Көл облусунун расмий секторунда 714 миң адам эс алган. Ал эми бейрасмий сектордо, конок үйлөрү жана жеке үй чарбаларында 1,2 миллиондон ашык адам эс алган. Демек, көмүскө сектор расмий сектордон болжол менен 1,7 эсе чоң. Улуттук статистика комитети юридикалык жак катары катталбастан туристтерди кабыл алган үй чарбаларына өзүнчө изилдөө жүргүзгөн. Бул сегмент 427 миң адамды түздү, анын ичинде 26 миңи чет өлкөлүктөр. Алардын орточо жашаган мөөнөтү 3 күн. Бул көмүскө рыноктун эң негизги жана мыйзамдаштыруу эң кыйын бөлүгү. Ал эми, бюджетке түшпөй калган салыктын болжолдуу эсеби бейрасмий сектордо бир күндүк орточо чек 1500–2000 сом болсо, бир эле сезондо жеке үй чарбаларынын жалпы кирешеси 1,9–2,6 млрд сомду түзөт. Эгер патент салыгынын ставкасы 3–5% болсо, анда бюджетке жыл сайын 57 миллиондон 130 миллион сомго чейин акча түшпөй калууда.
— Легалдаштыруу жаатында жылыш барбы?
— Ооба, жылыш жакшы. Республика боюнча эс алуучулардын жалпы санында расмий сектордун үлүшү 2020-жылдагы 55%дан 2024-жылы 65%га чейин өстү. Бул динамика сакталса, 2030-жылга чейин эч кандай мажбурлоосуз эле расмий сектор 80%га жетиши мүмкүн. Конкреттүү эмне кылса болот? Практикалык чаралар: сезондук туруктуу төлөмү бар патент системасы эң ыңгайлуу жол. Ал бухгалтерияны талап кылбайт, чакан бизнес үчүн жеңил жана бюджетке туруктуу киреше берет. Кийинки кадам туристтерди бирдиктүү санарип платформа аркылуу каттоо. Мындай тажрыйба Грузияда жакшы жыйынтык бергени маалым.
— Санаторийлерге өтөлү. Atlas изилдөөсү көрсөткөндөй, алардын 97 пайызы wellness-продукт түзө алышпайт. Мындай долбоорлор өзүн актай алабы?
— Келгиле, жөнөкөй эсептөө жүргүзөлү. Эгер бир объектке 500 млн сом жумшалса (мисалы, «Ысык-Ата» же «Улан» борборуна жумшалган инвестициядай Reporter.kg), жана дисконттоо чен бирдиги 13% болсо, анда акталуу мөөнөтү болжол менен 13–15 жылды түзөт. Бешинчи жылга карата акча агымдарынын топтолгон келтирилген наркы болжол менен 229 млн сомду, 10-жылга 352 млн сомду, ал эми 15-жылга 428 млн сомду түзөт. Баштапкы 500 млн сом толугу менен болжол менен 13–15 жыл аралыгында акталат.
Бул мамлекеттик инфраструктуралык инвестиция үчүн алгылыктуу, бирок капиталдын кирешелүүлүгү 15%дан жогору болушун талап кылган жеке инвестор үчүн кабыл алынгыс. Мында биз 65 млн сомду («Голубой Иссык-Куль» реконструкциядан кийин 2025-жылы күткөн пайдасы — Reporter.kg) объект толук кубаттуулукта иштеп жаткандагы кирешеси катары алдык. Жаңы объекттер үчүн алгачкы 2–3 жыл кардарлардын базасын топтоо мезгили, акталуу мөөнөтүн дагы 2–3 жылга артка жылдырат. Ошондуктан мындай долбоорлор социалдык мааниси бар мамлекеттик инвестиция катары негизделет, бирок рыноктук кирешелүүлүккө багытталган коммерциялык долбоор катары эмес. Жеке капиталды тартуу үчүн концессиялык шарттар, субсидияланган пайыздык чен же минималдуу кирешеге мамлекеттик кепилдик керек.
— Жакында эле түзүлгөн президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекция профсоюздардан натыйжасыз башкарылган объекттерди алып, реконструкциялап жатат. Аларды кийин кайра профсоюздарга берүү келечегин кандай баалайсыз?
— Бул менчик ээси менен менеджердин мамилелери теориясынан келип чыккан классикалык көйгөй. Профсоюз жетекчилиги тарыхта активдерди коммерциялык жактан натыйжалуу башкарууга жөндөмсүз экенин көрсөттү: борборлоштурулбаган башкаруу шартында топтолгон карыз 87–90 млн сомго жеткен. Эгер объекттерди эч кандай чектөөсүз кайтарып берсе, профсоюздар даяр, жаңыланган активге ээ болушат, бирок кийинчерээк ал кайра талкаланса, жоопкерчилик тартпай калышы мүмкүн. Мүмкүн болгон чечим — каржылык милдеттемелер системасын киргизүү. Мисалы: жылдык таза пайда 50 млн сомдон төмөн болбошу керек, карыз 20 млн сомдон ашпашы зарыл жана сезондук толтурулушу кеминде 60% болушу шарт. Ошондой эле жылдык кирешенин белгилүү бир пайызы сөзсүз капиталдык салымдарга жумшалып, көз карандысыз аудиттен өтүп турушу керек.
— Мамлекеттик модернизация программасына кирбей калган эски пансионаттарды эмне кылуу керек?
— Дүйнөлүк тажрыйба түрдүү мамилени сунуштайт. Абалы өтө начар, бирок жайгашкан жери ыңгайлуу объекттерди жөн эле бузуп салбай, кайра өнүктүрүү (редевелопмент) кылуу керек. Башкача айтканда, жерди ал жерге кайрадан туристтик максатта гана курулуш куруу милдеттемеси менен сатуу зарыл. Жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактардагы объекттерди минималдуу чыгым жумшап, глэмпинг жана чакан ретрит-форматтарына айлантса болот. Монголияда Terelj Lodge ушундай жол менен ташталган советтик базаны эл аралык деңгээлдеги белгилүү курортко айланткан. Ал эми базалык инфраструктурасы бар курорттук аймактардагы объекттерди тейлөөнүн милдеттүү стандарттарын коюу менен чакан бизнеске концессияга берүү туура. Эң биринчи кадам, ар бир объекттин абалын, укуктук статусун жана рыноктук потенциалын баалоо менен ачык инвентаризация жүргүзүү. Бул ишке ашырылмайынча, сөздүн баары абстракттуу бойдон кала берет.
Акыркы күндөрү туризм инвесторлору үчүн салык жеңилдиктери жөнүндө көп сөз болуп жатат. Ысык-Көлдө “Тамчы” деп аталган оффшордук компания түзүлүүдө. Бул жеңилдиктер канчалык натыйжалуу болушу мүмкүн?
— Бул жеңилдиктердин реалдуу баасын эсептеп көрөлү. Кыргызстанда корпоративдик киреше салыгынын ставкасы 10% болсо, андан бошотуу салык жүгүн 10%дан 0гө чейин төмөндөтүүнү түшүндүрөт. Эгер мейманкана долбоорунун операциялык пайдасы боюнча рентабелдүүлүгү болжол менен 25–35% болсо жана инвестициянын көлөмү 5 миллион долларды түзсө, жылдык салыктык үнөмдөө болжол менен 50–100 миң доллар болот. Бул жылына алгачкы инвестициянын 1–2%ы гана дегенди билдирет. 13%дык чен менен 10 жыл ичиндеги бул үнөмдөөнүн келтирилген наркы болжол менен 280–560 миң долларды түзөт, бул инвестициянын жалпы көлөмүнүн 10%ына да жетпейт. Салыктык преференциялар талап кылынган кирешелүүлүктү бир аз төмөндөткөнү менен, өлкөдөгү тобокелдиктер үчүн кошумча төлөмдү жок кыла албайт. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары муну тастыктап турат: туризм тармагына багытталган түз чет өлкөлүк инвестициялар 2023-жылдагы болжол менен 33 млн доллардан 2024-жылы 11 млн долларга чейин түшүп кеткен. Бул көрсөткүч жаңы инвестициялык режим талкууланып жаткан учурда төмөндөгөнүн белгилей кетүү керек. Салык жеңилдиктери гана жетишсиз.
— Чет элдик инвестор үчүн капиталдын баасын чындыгында эмнелер төмөндөтөт?
— Үч негизги нерсе бар. Биринчиси, англис укугуна таянган көз карандысыз арбитраж: укуктук тактык түздөн-түз дисконттук ченге таасир этет. Башкача айтканда, инвестициянын тобокелдигин азайтат. Экинчиси, инфраструктуранын ишенимдүүлүгү: жыл бою жеткиликтүү жол, туруктуу электр энергиясы жана жалпы техникалык камсыздоо. Үчүнчүсү, инвестициядан чыгуу мүмкүнчүлүгү: Кыргызстанда туристтик активдерди сатуу кыйын болгондуктан, ликвиддүүлүк төмөн, бул өз кезегинде тобокелдик үчүн кошумча талап кылынган кирешени жогорулатат.
Баса, Бишкектеги мейманканаларга («Достук» жана «Саякат») КМШ өлкөлөрүнөн келген инвесторлордун кызыгуусу да ушул үч фактор менен түшүндүрүлөт.
Биринчи фактор, келишим экономикасы: болжол менен 20 млн доллар инвестиция жана 2029-жылга чейин 101 млн сом (болжол менен 1,1 млн доллар) ижара төлөмү менен жылдык кирешеси 5,5% чамасында болот. Бул өнүккөн өлкөлөрдүн “тобокелсиз” ставкаларынан төмөн, бирок баасы өсүшү мүмкүн болгон реалдуу актив.
Экинчи фактор, альтернативалардын чектелиши: КМШ инвестору үчүн азыркы геосаясий шартта Кыргызстан салыштырмалуу тобокелдиги орточо болгон диверсификация мүмкүнчүлүгүн берет.
Үчүнчү фактор, рыноктун жаңы калыптанышы: Бишкектеги бизнес мейманкана сегментинде эл аралык ири бренддердин атаандаштыгы жок болгондуктан, рынокко биринчи болуп кирүү артыкчылык берет.
— Кыргызстанга эл аралык мейманкана операторлору керекпи же өз брендин өнүктүргөнү жакшыбы?
— Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 330 мейманкана бар, кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 8 млрд сомдон ашат. 2024-жылы өсүш 30,3%ды түздү. Рынок бир дагы эл аралык бренд жок эле жылына үчтөн бир эсеге өсүүдө. Көйгөй суроо-талаптын жоктугунда эмес, сунуштун сапатында болууда. Өздүк брендди өнүктүрүүнүн артыкчылыктары бар. Мисалы, эл аралык операторлор адатта башкаруу үчүн 2–4% түшүмдөн жана 8–12% операциялык пайдадан үлүш алышат. Мисалы, жылдык кирешеси 500 млн сом болгон объектте бул 10–50 млн сомго чейин чыгым болушу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда алар жергиликтүү кадрларды жана башкаруу тажрыйбасын калыптандырат. Ал эми эл аралык бренддин эң чоң артыкчылыгы бааны көтөрүү мүмкүнчүлүгү. Брендделген мейманкана 20–40% кымбатыраак тариф коюуга мүмкүнчүлүк алат. Мисалы, бренд жок кезде орточо суткалык баа 6000 сом болсо, бренд менен 8200 сомго чейин жетет. 100 номерлүү, 70% жүктөм менен иштеген объектте бул жылына кошумча 56 млн сом киреше алып келет. Бул чыгымдарды дээрлик жабат. Мындан тышкары, дүйнөлүк программаларга (миллиондогон кардарлары бар лоялдуулук системаларына) түз кирүү мүмкүн болот.
Эң туура стратегия тандоо эмес, айкалыштыруу. Бир-эки ири эл аралык оператор флагмандык объекттерде иштеп, рыноктун стандартын түзөт жана төлөм жөндөмдүү туристтерди тартат. Анын айланасында жергиликтүү бизнес өнүгөт. Мындай модель Хорватия, Черногория жана Грузия тажрыйбасында колдонулуп, 5–7 жыл ичинде жалпы кызмат көрсөтүү деңгээлин көтөргөн.
— Кыргызстандын өзүнүн таанымал wellness-бренди барбы?
— Азырынча жок, бул стратегиялык боштук болуп эсептелет. 2024-жылы минералдык сууларды өндүрүү 9%га азайган, сувенир өндүрүшү 43%га түшкөн. Бирок ошол эле учурда боз үй өндүрүшү 1,6 эсеге, улуттук килемдер жана калпактар 1,9 эсеге көбөйгөн. Бул — аутенттик продукцияга суроо-талап бар экенин, бирок ал толук кандуу брендге айлана элек экенин көрсөтөт. Кыргызстандын табигый ресурстары абдан өзгөчө: Ысык-Көл — дүйнөлүк маанидеги аймак, радондуу суулары менен белгилүү, Жети-Өгүздүн дарылык баткактары илимий жактан тастыкталган, ал эми бийик тоолуу климат спорттук жана медициналык адаптация үчүн колдонулуп келет. Туризмдин жалпы кошумча наркы 2020-жылы ИДПнын 2,9%ын түзсө, 2024-жылы 3,8%га жеткен. Ушундай темп сакталса, 2030-жылга чейин 5–6%га чейин өсүшү мүмкүн. Туризм тармагында биринчи болуп системалуу продукт түзгөн өлкө же компания рынокто пропорциясыз чоң үлүшкө ээ болот. Ысык-Көлдө сапаттуу wellness продуктун биринчи болуп түзгөн тарап баа боюнча артыкчылыкка жана туруктуу кардар базасына ээ болот. Бирок атаандаштык чөйрөсү катаал: Казакстанда 330дан ашык, Өзбекстанда 405ке жакын санаторий бар. Регионалдык масштабдагы жеткиликтүү ден соолукту чыңдоо туризминин бош ордун ээлеп калуу үчүн реалдуу убакыт — 3–5 жыл гана.
— Акыркы, балким эң маанилүү суроо. Сиз бир ирет «Кыргызстан дүйнөгө жаратылышын сатат, ошол эле учурда аны талкалап жатат» дегенсиз. Ушуну талдап берсеңиз?
— Бул жөн эле метафора эмес, экономикалык стратегиянын түзмө-түз сүрөттөлүшү. Турист тоо, көл, таза экосистема үчүн акча төлөйт. Бирок туристтердин саны 60%га өскөнү менен, жаратылыш капиталыбыз эмне болуп жатат? Улуттук статистика комитети 2019-жылдан 2023-жылга чейин туристтик агымдын 60% га өскөнүн каттаган. Экологиялык документтер өлкөнүн 22 экосистема классынын 7си катуу бузулганын жана 8и орточо бузулганын көрсөтүп турат. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо индекси 73%ды түзөт, ал эми туруктуулук чеги 90%ды түзөт. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына келгендердин саны үч эсеге көбөйдү. Биз жаратылыш активдерин пайдаланып, ошол эле учурда аларды жок кылып жатабыз.
Конкреттүү сандар: карагай токойлорунун аянты өткөн кылымдын ортосунан бери үч эсеге азайды. Акыркы 25 жылдын ичинде арча токойлору өз аянтынын 18% жоготту. Бүгүнкү күндө жээктеги экосистемалар 1960-жылдардагы аянтынын 10% дан азын ээлейт. Жайыттар аймакка жараша 20-70% га деградацияланган; аларды калыбына келтирүү 10 жылдан 100 жылга чейин созулушу мүмкүн. Мунун баары туристтик продуктунун физикалык негизи болуп саналат.
Климаттык божомолдор: тоо лыжа долбоорлору үчүн түздөн-түз коркунуч. 2080-жылга чейин температуранын 3,6°C жогорулашы менен арча токойлорунун аянты 77,9% га, карагай токойлору 37,7% га, жаңгак токойлору 72,3% га жана мисте токойлору 70,7% га кыскарат деп болжолдонууда. Токойдун төмөнкү сызыгы 200-700 метрге өйдө карай жылышат. Бул өлкөнүн туризм өзөгү болгон тоолуу аймактардын ландшафтын түп-тамырынан өзгөртөт.
Мамлекеттик саясаттын максаты – туруктуу пайдалануу шартында экосистемалык кызматтардын ИДПга кошкон салымын 3% дан 5,5% га чейин көбөйтүү. Бирок, туруктуулук экосистемалардын тездетилген өнүгүүсүн эмес, сакталышын болжолдойт. Эсептөө жөнөкөй: эгерде деградация азыркы темп менен улана берсе, лыжа курортторуна жана жээктеги кластерлерге учурдагы инвестициялар кайтарылып берилгенге чейин жаратылыш капиталы түгөнөт.
Беседовала Эльвира Сатыбекова
Маалымат үчүн: Нургүл Акимова экономист, КРнын өнүктүрүүнү колдоо фондунун аналитиги. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинде жана КР Өкмөтүнүн Экономика жана инвестициялар департаментинде консультант, ошондой эле президенттин Администрациясында эксперт болуп иштеген.