Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
«Бишкек электр тармактарынын» башчысы электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды
11.11.2025 | 14:53

«Бишкек электр тармактары» ишканасынын директору Азамат Паизов жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Азамат Паизов шаар боюнча күндүзгү рейд өткөргөн. Ал күз-кыш мезгилинде энергияны сарамжалдуу колдонуу маанилүү экенин белгилеп, күндүз сырттагы жарыктарды өчүрүү зарылдыгын эске салган.
“Мындай чаралар энергетикалык тармакка түшкөн жүктү азайтып, Бишкек шаарынын тургундарын туруктуу электр менен камсыздоого өбөлгө түзөт”,- деп билдирди ишкана.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом