Бишкекте 22:00дөн кийинки тыюу боюнча пикирин айткан блогер УКМКга чакырылды

14.11.2025 | 12:29

Бишкек шаарында коомдук жайлардын түнкү саат 22:00дөн кийин иштөөсүнө киргизилген чектөө боюнча өз пикирин билдирген Инстаграмдагы babskii_blog баракчасынын ээси Алтынай Джу УКМКга чакырылды. Бул тууралуу блогер өзүнүн соцтармагына жазды.

Алтынай Джу өзүнүн соцтармагында видеокайрылуу жасап, анда коомдук жайлардын 22:00дөн кийин иштөөсүнө тыюу салуу олуттуу экономикалык жана социалдык кесепеттерге алып келерин билдирген.

“Өздөрү шаарды энергокризиске алып келип, эми кадимки эл азап чегип жатат! Коомдук жайлар мамлекеттин казынасына ири ижара акысын төлөшү керек. Кафе, бар жана ресторандардын кирешесинин 40–60%ы кечки убакка туура келет.
Ал эми кечки сааттар – жаштар, туристтер жана иштеп жүргөн адамдар үчүн эң көп бара турган убак. Мындан тышкары, мындай чектөөлөр массалык кыскартууларга жана айлык маянанын төмөндөшүнө алып келет.

Таксисттердин да кирешеси азаят, анткени түнкү трафик толук токтойт. Азык-түлүк, жашылча, жемиш, суусундук сыяктуу товарларга болгон сатып алуулар төмөндөйт, бул түздөн-түз жеткирүүчүлөрдүн капчыгына сокку болот. Салык да аз түшөт.
Бул чектөөнүн кесепеттери абдан чоң. Бул жөн гана УКМК жетекчисинин каалоосу менен жабып коё турган нерсе эмес”,- деп билдирген блогер айым.

Бул билдирүүсүнөн кийин Алтынай Джу УКМКга чакырылганын жазды.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы кечки саат 10дон кийин эл көп чогулган бардык коомдук жайлардын иштешине тыюу салган тескеме чыгарды. Кечээ, 13-ноябрдын, кечинде Бишкек мэри Айбек Жунушалиев рейдге чыгып, коомдук жайларда «Тынчтык жөнүндөгү» мыйзамдын жана электр энергиясын үнөмдөө режиминин сакталышын текшерген.

Scroll to Top