Эскертуу берип, тосмолордон ашып отту. Бишкек мэри ресторандар менен барларды рейдден откорду

14.11.2025 | 18:05

13 ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ресторандар менен барларды жекече кыдырып, алардын тынчтык тууралуу мыйзамды кандай сактап жатышканын жана электр энергиясын үнөмдап жатыш-жатпаганын текшерди. Шаар башчысы 7 Апрель кочосу боюна жайгашкан ресторандарды айланып чыкты. Айрымдарын иш-чараларды саат 22.00до аяктоо тууралуу эскертти, анткени бул маалдан кийин жакын жайгашкан уйлердегилерге ыңгайсыздык жаралышы мумкун. Айрым ресторандар болсо белгиленген убакытта меймандарын таратып жаткан.

Ошондой эле туну бою иштеген кээ бир көңүл ачуу жайлар менен барлар да текшерилди. Администраторлорго тынчтык тууралуу мыйзам эске салынды жана ашыкча электр сарптоого байланыштуу эскертуу берилди. Бирок кубандырганы — алардын копчулугу ошол маалда буга чейин эле жабык болуп, ичинде келуучулор болгон эмес.

Бизнес өкүлдору жайларын электр менен камсыздоо учун генераторлорду колдонуунун мумкунчулугу тууралуу сурашты. Шаар башчысы бул маселе каралып жатканын, бирок турак жайларга жакын жайгашкан мекемелерге генератор колдонуусуна уруксат берилбей турганын билдирди.

Айбек Джунушалиевдин айтымында, мындай рейддер Бишкектин бардык аймактарында эскертусуз туруктуу өткөрүлүп турат.

Scroll to Top