Көптөн кийин үн катты. Сапар Исаков Кыргызстандагы энергетикалык кризис боюнча пикирин билдирди

18.11.2025 | 11:36

Өлкөдо энергетикалык кризис боюнча талкуулар күч алып жаткан маалда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков кайрылуу жасады. Ал соцтармактагы баракчасындагы билдирүүсүндө талкууланып жаткан маселелер ал иштеген мезгил менен байланыштуу экенин жана түшүндүрмө талап кылынарын белгиледи.

Бишкек ЖЭБинин жаңыланышы тууралуу

Экс-премьер 2011-2017-жылдары борбор калаанын ЖЭБи жаңылануудан өткөнүн, жаңы блоктор бүгүнкү күндө Бишкекти энергетикалык коллапстан сактап турганын эске салды. Ал долбоордун баасы жогорулатылган деген айыптоолорду четке кагып, каржылоону Кытай тарап көзөмөлдөгөнүн, кыргыз тараптагы аткаминерлер каражатка түз кире албаганын айтты.

Анын айтымында, бул долбоорду Тажикстандагы иштер менен салыштыруу туура эмес, анткени Душанбе Кытайга ири алтын кендерин берген, бул курулуштун реалдуу баасы болуп калган. Кыргызстан болсо эч кандай ресурс берген эмес.

Жогорку Нарын каскады тууралуу

Ал «РусГидро» менен биргелешкен долбоор Орусия тараптын каржылык көйгөйлөрүнөн улам токтоп калганын, ошондуктан келишимди денонсациялоо долбоорду белгисиз абалда кармап турбоо үчүн аргасыз кадам болгонун билдирди.

Ошондой эле экс-премьер Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча негизги чечимдер 2016-жылы кабыл алынып, иштер 2017-жылы башталганын белгиледи.

Исаков бийликти ачык, адилет жана кесипкөй иш алып барып, жарандардын ишенимин кайтарууга жана мындай кризистердин кайталанышына жол бербөөгө чакырды.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров өлкө тургундарына электр жарыгы өчүрүүлөр боюнча нааразы болбоону жана «дагы эки жарым жыл чыдоо керек» экенин айткан.

Scroll to Top