Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди
Баткен облусунда «Базарбай ата» кичи ГЭС ишке киргизилди
19.11.2025 | 19:00
Баткен облусунун Кадамжай районунда Майдан айыл аймагында жайгашкан «Базарбай ата» кичи гидроэлектростанциясы расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.

Жаңы станциянын кубаттуулугу 600 кВт түзүп, райондун электр энергиясына болгон муктаждыгынын бир бөлүгүн камсыз кылууга жана электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
ГЭСтин курулушу жеке ишкерлердин 8 миллион сомдук инвестициясы менен ишке ашты. Мындан тышкары, бир фонд дагы 8 миллион сомдук насыя бөлүп берди.
«Базарбай ата» ГЭСинин ишке кириши Кадамжай районундагы электр камсыздоону жакшыртууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жол ачты.