Бишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталдыТрамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алатБишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалды
Мээрим Жуманазарова Ислам шериктештиги оюндарында алтын жеңди
21.11.2025 | 10:45

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мээрим Жуманазарова эркин күрөш түрү боюнча 68 кг салмак категориясында күч сынашты. Балбан кыз алгачкы беттештерде бангладештик Халима Актерди 6:0, азербайжандык Нигар Мирзазаданы 12:1 эсеби менен жеңип, турнирдин финалына чыккан.
Чечүүчү финалдык кармашта Жуманазарова өзбекстандык Светлана Окназарованы 11:0 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын медалга ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Эске салсак, шериктештик оюндары азыркы тапта Сауд Арабиясында өтүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт