Өкмөттө алдыда кайсы аймактар газдаштырылары айтылды

21.11.2025 | 15:06

Өкмөттө быйыл жана эмдиги жылы кайсы аймактар газдаштырылары айтылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүдө аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жыл аягына чейин Бишкектеги Ак-Босого калктуу конушу, Чүй облусундагы Новопокровка, Военно-Антоновка айылдарына жаратылыш газы киргизилет. Ал эми келээрки жылы борбор калаанын Эне-Сай, Арча-Бешик, 69 Га жаңы конуштарына жана Чүй облусунун Селекционное айылы газдаштырылат.

Мындан тышкары Бакыт Төрөбаев 2025-жылы 100 км газ куурлары коюлуп, жаңы 13 530 керектөөчү кошулганын маалымдады.

“Жаратылыш газы боюнча республиканын жылдык керектөөсү 517,0 млн мтүзөт. Газдаштыруу иштери быйылкы жылы жогорку деңгээлде аткарылды”,- деп билдирди ал.

Эске салсак, буга чейин Бишкек менен Чуй облусун газдаштыруу долбоорунун алкагында 66 субъект жеңилдетилген насыяларды алышкан.

Scroll to Top