Жалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылдыЕкатеринбургга Эл аралык жаштар фестивалына 200гө жакын кыргызстандык келдиӨспүрүм жана баңгизат: жүрүм-турумундагы кайсы өзгөрүүлөргө көңүл буруу керек?
Токтогулда үч жигит 14 жаштагы кызды 4 ай бою зордуктап келген. Шектүүлөр кармалды
21.11.2025 | 16:03
Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Reporter.kgге билдиргендей, Токтогул районунда үч жигит зордуктоого шектелип кармалды. Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн арасында жашы жете элек өспүрүм да бар.
20 ноябрда Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө 14 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча арыз түшкөн. Кыздын атасынын айтымында, үч жигит аны 2025-жылдын июнь айынан 20 ноябрга чейин системалуу түрдө зордуктап келген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бүгүн, 21 ноябрда, ыкчам кызматкерлер шектүү катары жергиликтүү жашоочулар — 27 жаштагы Э.К., 19 жаштагы С.К. жана 15 жаштагы Б.Ж. аттууларды кармап, камакка алышкан. Тергөө амалдары уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар


