Кыргызстанда 2025-жылы соода жүгүртүү 2,2 триллион сомдон аштыБаткен облусунда ата-энесинен ажыраган 13 бала жер тилкесин алды«Кесипти эмне кыласың, баары бир турмушка чыгасың»: бир ооз сөз келечекти кантип уурдайтУКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталганКыргызстанда көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн дизелдик күйүүчү май ташууну субсидиялоо сунушталуудаКыргызстанда балдар мекемелеринин жанында кооптуу товарларды саткандарга 65 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда
Бишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилди
17.10.2025 | 15:40

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу долбоорунун алкагында 66 субъекке 8,47 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 28-апрелде Министрлер Кабинетинин Бишкек жана Чүйдү газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоору бекитилген.
Долбоорду ишке ашырууда «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору катышкан. Жалпы кредиттөө көлөмү 200 млн сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом