ЭВФ: Кыргызстан ИДП өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлеринин катарына кирди

22.11.2025 | 11:03

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары Субир Лалл Минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен болгон жолугушуусунда айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы учурдагы макроэкономикалык абалды, ЭВФтин кыска мөөнөттүү миссиясынын жыйынтыктарын, ошондой эле туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Данияр Амангельдиев акыркы үч жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 9%ды түзсө, 2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 10%га жеткенин билдирди.

Данияр Амангельдиев негизги инфраструктуралык долбоорлордун катарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун, Камбарата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууну, Барскоон–Бедел автожолунун курулушун, ошондой эле жеткиликтүү турак жай куруу программасын белгиледи.

Субир Лалл өз кезегинде өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүүлүгүн жана учурдагы экономикалык динамиканы оң баалады. Ал “Кыргыз Республикасы экспорттоочу экономика болуп баратат” деп белгиледи.

Мындан тышкары Субир Лалл аталган фонд орто мөөнөттүү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган аналитикалык жана консультациялык колдоо көрсөтө турганын билдирди.

Scroll to Top