Адылбек Касымалиев Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жетекчилери менен жолугушуп, бир катар макулдашууларга жетишти

14.04.2026 | 10:29

Вашингтон шаарында Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын вице-президенти Антонелла Бассани жана аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулар Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өткөн.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев банк жетекчилерине Кыргызстандын экономикалык абалы жөнүндө маалымат берген. Ал акыркы төрт жылда өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) орточо жылдык өсүү темпи 10,2%ды түзгөнүн, ал эми 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү негизги максат экенин билдирген.

Ошондой эле өкмөт башчы өлкөдөгү фискалдык саясаттагы жетишкендиктер, инфраструктура жана энергетика жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жөнүндө айткан.

Мындан тышкары билим берүүнү модернизациялоого багытталган «Алтын Казык» программасы жана мамлекеттик башкарууну реформалоочу «Мамлекеттик акселераторлор» долбоору тууралуу айтып берген. Ал эми 2025-жылы кабыл алынган жаңы Эмгек кодекси аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзгөнүн билдирген.

Өкмөт башчы ошондой эле Кыргызстан айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктын «AgriConnect» демилгесине кошулууга кызыкдар экенин билдирген.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын жетекчилери бул долбоорлорго эксперттик жана финансылык колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкен.

Вице-президент Антонелла Бассани Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан структуралык реформаларды жогору баалаган. Ал эми аткаруучу директор Беатрис Мэзер үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга терең кызыкдар экенин билдирип, республиканын экономикалык динамизмине жогору баа берген.

Жолугушуулардын соңунда Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда төмөнкү документтерге кол коюлган:

  • «REMIT» долбоордук макулдашуусу;
  • 2026-2028-жылдарга каржылоо планы боюнча алкактык макулдашуу.
Scroll to Top