Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
«Клооптун» операторлоруна чыгарылган өкүм жумшартылып, алар сот залынан бошотулду
25.11.2025 | 11:57
Бишкек шаардык соту «Клооп» редакциясынын оператору Александр Александровго жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатовго карата чыгарылган өкүмдү жеңилдетип, мурда берилген 5 жыл эркинен ажыратуу жазасын 3 жылдык пробацияга алмаштырды. Экөө тең сот залынан бошотулду.
Медианын мурдагы бухгалтерлерине карата өкүм өзгөрүүсүз калды, аларга да 3 жылдан пробация дайындалган.
Эске салсак, сентябрда Биринчи май райондук соту Дуулатов менен Александровду күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан.
Октябрдын ортосунан тарта «Клооп» медиасы расмий түрдө экстремисттик уюм деп таанылган.
Буга чейин операторлор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов 5 жыл жалпы режимдеги колонияга кесилип, эки бухгалтерге 3 жылдан пробация берилгени маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом