Астанада билим жана илим боюнча эл аралык форум өтүп, ага Токаев катыштыЫсык-Көлдө «Радуга» пансионатынын коттедждери күйүп жатат«Кыргызкомур» тогуз айдын жыйынтыгы менен туруктуу өсүштү көрсөттүАвтоблогер Настя Туман: Дагестанды кыргыз номурлуу Changan автоунаалары каптадыБишкекте бөйрөк көчүрүүдө биринчи жолу иммунологиялык тест колдонулдуЖакшылыктын миссиясы: катарлык дарыгерлер кыргыз балдарга дүйнөнү угууга жардам берүүдө
Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды
01.04.2020 | 21:38
Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мурдараак Жогорку Кеңештин депутаттары анын талапкерлигин бир добуштан жактырышкан.
Сабиржан Абдикаримов буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборун жетектеп келген.
Буга чейин Саламаттык сактоо министри кызматын аркалап келген Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 1-апрель күнү кызматтан алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат