26-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болотЖолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылуудаУКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалдыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат«Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо: завод Евро-5 стандартындагы күйүүчү май чыгарууга өтүүдөУКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктады
Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды
01.04.2020 | 21:38
Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мурдараак Жогорку Кеңештин депутаттары анын талапкерлигин бир добуштан жактырышкан.
Сабиржан Абдикаримов буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборун жетектеп келген.
Буга чейин Саламаттык сактоо министри кызматын аркалап келген Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 1-апрель күнү кызматтан алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат