Ымыркайлардын өмүрүн сактап калуу үчүн Кыргызстанга беш неонаталдык ИВЛ берилди
Жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн 5 даана жасалма дем алдыруу аппараттары бүгүн, 1-декабрда, расмий түрдө Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды. Жабдуулар БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан «Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумун бекемдөө» долбоорунун алкагында сатып алынып, Баткен шаарынын жана Баткен облусунун неонаталдык бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү. Жеткирүүнүн наркы 65 миң доллардан ашты.
SV300 үлгүсүндөгү ИВЛ аппараттары (Mindray, Neo функциясы менен) оор абалдагы жана дем алуу жетишсиздиги бар наристелерди кошо алганда, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга арналат.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Өнүктүрүү программасына узак мөөнөттүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тапшырылган жабдуулар өлкөнүн неонаталдык кызматты бекемдөө жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча приоритеттерине шайкеш келерин баса белгиледи.
«Мамлекет үчүн алыскы аймактарда да сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү камсыздоо маанилүү», — деди Чечейбаев.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва жаңы аппараттар Баткен облусунун неонаталдык бөлүмдөрүнүн даярдыгын күчөтөрүн жана ымыркайлардын убагында, сапаттуу меджардам алышына өбөлгө түзөрүн белгиледи.
«Биз өлкөдө медициналык кызматтарды модернизациялоону, кадрдык потенциалды бекемдөөнү жана инновацияларды киргизүүнү колдоону улантабыз», — деп баса белгиледи ал.
Жеткирүүнүн алкагында Баткен облусунун медкызматкерлерин жабдуулар менен иштөөгө үйрөтүү да аталган уюм тарабынан уюштурулат. Бул аппараттарды ИВЛ биринчи күндөрдөн эле натыйжалуу жана коопсуз пайдаланууга шарт түзөт.

