Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Ошто Алымбек датка менен Курманжан даткага жаңы күмбөз тургузулду
05.12.2025 | 15:05
Ош шаарында Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине жаңы күмбөз тургузулду. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Күмбөз УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жана Ош мэри Жеңишбек Токторбаевдин жеке каражатынын эсебинен курулган.
Бүгүн, 5-декабрда Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү аталган күмбөзгө барып куран окуган.
Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Жакынкы күндөрү Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка, Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда күмбөздүн расмий ачылышы болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Алай даткаларынын жаңы күмбөзү тургузулары белгилүү болгон. Мэрия күмбөздүн сырткы, ички бөлүгү эскирип калганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом



