Жашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулатАйыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту14-февралдын аба ырайы: Жаан, кар жаайт
8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайт
08.12.2025 | 09:00

Бүгүн, 8-декабрда, өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -5…0°C, күндүз 1…6°C;
- Талас облусунда түнкүсүн -4…-6°C, күндүз 7…9°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 0…-2°C, күндүз 9…11°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0…-2°C, күндүз 9…11°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн -2…-4°C, күндүз 8…10°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-7°C, күндүз 5…8°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -13…-15°C, күндүз 2…4°C болот.
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°C, күндүз 7…9°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом