Борбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулашты

19.04.2026 | 11:20

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияда өткөн Анталья дипломатиялык форумуна катышты, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

«Бирге көтөрүлөбүз: Борбор Азия мамлекеттеринин 35 жылдыгына карата алардын глобалдык позициялануусу» аттуу панелдик сессиянын алкагында делегация башчылары аймактын дүйнөлүк күн тартибиндеги өзгөрүп жаткан ролун, анын артыкчылыктарын, эл аралык кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктарды жана тобокелдиктерди талкуулашты.

Борбор Азияга болгон кызыгуунун өсүшү жана эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн, анын ичинде «5+1» форматтарында кеңейиши белгиленди.

Ж. Кулубаев аймактагы өлкөлөрдүн мамлекеттик курулуш, экономикалык өнүгүү жана регионалдык дипломатия тармагындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул саясий эгемендүүлүктүн чыңдалышына, экономикалык прогресске жана регионалдык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен кадамдарды жасоого, анын ичинде чек ара маселелерин чечүүгө өбөлгө түздү.

Форумда дүйнөлүк саясаттагы өзгөрүүлөрдүн фонунда Борбор Азиянын стратегиялык мааниси байкаларлык өскөнү айтылды. Бул аймактын рыноктук потенциалы, жаратылыш ресурстары, транспорттук-логистикалык байланыштардын өнүгүшү жана калктын жаш курамы (жаш демографиясы) менен байланыштуу.

Катышуучулар ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн Түркия менен болгон маданий жана тарыхый жалпылыкка, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы кызматташтыкка негизделген өзгөчө байланыштарын баса белгилешти.

Scroll to Top