Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
21-апрелге карата аба ырайы
21.04.2026 | 09:00

Бүгүн, 21-апрелде, Талас жана Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 22…27°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 20…25°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 22…27°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 22…27°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 22…27°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 13…18°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -1…4°C, күндүз 17…22°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 7…9°C, күндүз 24…26°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом