Антимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын хоккей боюнча курамасы Болгариядагы дүйнө чемпионатына катышатЖээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулду
Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылды
08.12.2025 | 17:47
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз авиа каттам ачылды. 2025-жылдын 7-декабрында Нью-Делидеги Индира Ганди атындагы аэропортто ата мекендик Tez Jet авиакомпаниясы аткарган Дели – Бишкек – Дели каттамынын ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов катышып, бул окуя эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик жана туристтик байланыштарды өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Каттамдар үзгүлтүксүз негизде жумасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткарылат. Авиакомпания заманбап жана ыңгайлуу учактарды колдонууну убада кылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом