КР Финансы министрлиги Германияга каржылык кызматташтык программасын жандандырууну сунуштады

11.12.2025 | 11:00

Кыргызстан экономиканын негизги тармактарына немис инвестицияларын жана технологияларын тартууну күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу 2025-жылдын 9-декабрында Германияда КР финансы министри Алмаз Бакетаевдин Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) Аткаруу кеңешинин мүчөсү Кристиана Лайбах менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Финансы министрлигинин башчысы эки өлкө ортосундагы каржылык кызматташтык программасын кайра жандандыруу демилгесин көтөрдү. Ошол эле учурда Бакетаев жаңы долбоорлор Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарына так жооп бериши керектигин баса белгиледи.

«Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана KfW менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайда алып келип, туруктуу экономикалык өсүш үчүн негиз түзөрүнө ишенебиз», — деп билдирди министр.

Алмаз Бакетаев республика KfW каражаттарын жана технологияларын тартууга даяр болгон беш стратегиялык тармакты атады:

  • Жашыл энергетика (КЖЭБди өнүктүрүү).
  • Инфраструктура.
  • Туризм.
  • Айыл чарбасы.
  • Адам капиталын өнүктүрүү.

Тараптар сөздөн ишке өтүүнү макулдашты: маселелерди деталдуу иштеп чыгуу жана Кыргызстандын экономикасын каржылоо үчүн конкреттүү инвестициялык долбоорлорду тандоо менен алектене турган биргелешкен жумушчу топ түзүлөт.

Scroll to Top