КР Саламаттык сактоо министрлиги Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсүн чет өлкөлүк ординатурада окууга жөнөтөт16-февраль: Күн ачык болотБишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайы
Чек арачылар мыйзамсыз ташылып келген 2 миллион сомдук товарды кармады
08.07.2019 | 12:40
Кыргызстанга Корея Республикасынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан атырлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
7-июль күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекетинен казак жараны айдап бараткан “DAF XF” унаасы текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашуун, 126 даана атыр табылган.
Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык каттоого алынып, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар