Тажикстанда 14 соттолгон жаран нанга ууланып каза болду

Тажикстанда 14 соттолгон жаран нанга ууланып каза болду

Тажикстандын түштүгүндө кечээ, 7-июлда 14 соттолуучу нанга ууланып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Согди облусунда соттолгон 120 эркек жана 8 аялды үч унаа менен Дүйшөмбү, Нурек жана Яван шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип жатышкан. Алар жолдо 6 ирет токтогону айтылууда. Душанбеге жакын жердеги Варзоб районунун Майхура аймагында соттолуучулардын бири жанындагы 19 кишиге үч бөлкө нан бергени айтылат. Аны жегенден кийин 16 адамдын башы айланып, куса баштаган. 5 мүнөттө келген «Тез жардам» экөөнүн гана өмүрүн сактап калууга жетишкен. Калган 14 жаза аткаруучу каза болгон.

Окуя боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, атайын тергөө тобун түзгөн. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштерине баш прокурор Юсуф Рахмон өзү көзөмөл кылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>