Жыл аягына карата ИДПнын көлөмү киши башына 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө

23.12.2025 | 12:57

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын аягына карата ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү киши башына 2 миң 800 долларга жетет деп күтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңешинин жыйынында Министрлер кабинетинин отчетун жана 2026-жылга республикалык бюджетти кароо учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы туруктуу жана тез өсүүнү көрсөтүүдө. 2024-жылдын акырына карата ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзгөн. Анда анын көлөмү киши башына 2 миң 513 долларга жеткен.

Ал эми 2025-жылдын 11 айынын ичинде ИДП 10,2%га өскөн. Жыл аягына карата анын көлөмү киши башына 2 миң 800 долларга жетет деп күтүлүүдө.

“Номиналдуу ИДП 2020-жылдагы 639 миллиард сомдон 2024-жылы 1,6 триллион сомго чейин өстү жана 2025-жылы 1,8 триллион сомго жетиши болжолдонууда, бул акыркы жылдары экономиканын үч эсеге жакын өсүшүн көрсөтөт”, – деп белгиледи өкмөт башчы.

Касымалиев Эл аралык валюта корунун маалыматы боюнча 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин, ал эми 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлей турганын кошумчалады.

Scroll to Top