Ысык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылды
Ысык-Көлдүн акваториясында балыкты мыйзамсыз уулоого бөгөт коюу боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Инспекторлор көлмөнү браконьерлердин масштабдуу тузактарынан тазалоого жетишишти. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.
Браконьерлерге каршы иш-чаралар Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын адистери тарабынан 19-апрелде өткөрүлдү. Патрулдук кыдыруу учурунда көлдөн кытай өндүрүшүнөн чыккан 1 200 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылган.
Экологдор белгилегендей, сууда көпкө калган мындай синтетикалык шаймандар балык ресурстарына эбегейсиз зыян келтирип, биосфералык зонанын морт экотутумуна түздөн-түз коркунуч туудурат.
Көлдү тазалоо иш-чаралары Ысык-Көлдүн экологиясын коргоого багытталган КР Президентинин №131 Жарлыгын масштабдуу аткаруунун алкагында уюштурулду.
Министрликтен билдиришкендей, бул багыттагы системалуу иштер уланууда жана мыйзамсыз балык уулоого каршы чаралар күчөтүлө берет. Учурда тармактык кызматтар алынган торлорду койгон адамдарды аныктап, аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.