Байсалов: Окуу жайларда мамлекеттик тилге басым жасалат, бирок улуттук азчылыктарга эне тилин окутуу сакталат

24.12.2025 | 17:03

Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилди окутуу боюнча маселе көтөрүлдү. Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү бардык окуу уюмдарында мамлекеттик тилге басым жасоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Ал мамлекеттик жана жеке бала бакчалардан тартып жогорку окуу жайларга чейин мамлекеттик тилге ээ болуу керектигин айтып, өкмөт бул үчүн бардык зарыл шарттарды көрүп жатканын билдирди.

“Кыргыз тили жана адабияты программасын түп тамырынан иштеп чыгып жатабыз”,- деди ал.

Мындант тышкары Байсалов өлкөдөгү улуттук азчылыктарга кирген окуучуларга да да эне тилинде окууга шарт түзүлөрүн, бул алардын Конституциялык укугу экенин билдирди.

“Баштапкы класстарда өзбек, тажик, орустардан тышкары башка дагы улуттук азчылыктарга эне тилин окутууну камсыз кылабыз”,-деди ал.

Анын айтымында, муну менен улуттук азчылыктар мамлекеттик тилге ээ болушу үчүн жана аларды коомго, мамлекеттик кызматтарга толук кандуу аралаштыруу үчүн шарттар түзүлөт.


Scroll to Top