Подрядчы компанияга 17 млн сомдон ашык төлөнгөн жок. Компания текшерүүлөрдүн кысымына кабылган

22.04.2026 | 15:30

Кара-Балта шаарында социалдык мааниге ээ болгон «Манас» спорт комплексин курган ата мекендик компания аткарылган иштер үчүн акы ала албай жатканын жана текшерүү органдары тарабынан басымга кабылып жатканын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев маалымдады.

Депутаттын айтымында, объект толугу менен бүткөрүлгөн, бирок кабыл алуу актысы азыркыга чейин кол коюла элек. Ошол эле учурда Кара-Балта шаардык мэриясы компанияга 17 миллиондон ашык сом карыз, бирок төлөм жүргүзүлбөй жатат. Анын ордуна ишканага карата текшерүүлөр башталган.

Белгиленгендей, салык органдары тарабынан компанияга ири өлчөмдөгү дооматтар коюлуп, эсептери тоңдурулуп, акча каражаттары кармалып калган.

Парламентарийдин айтымында, мэрия жетекчилиги бат-бат алмашып жаткандыктан абал татаалдашкан. 2025-жылдын июнь айында мурдагы мэрге карата кылмыш иши козголгондон кийин бир нече жаңы жетекчи дайындалган, бирок карыз маселеси дагы деле чечилбей келет. Жооптуу кызматкерлер тергөө иштери жүрүп жатканын жүйө келтирип, керектүү документтерге кол коюудан баш тартып жатышат.

Компанияга карата текшерүүлөр кылмыш ишинин алкагында пландан тышкары жүргүзүлгөн. Ошондой эле ишкерлерге басым жасоо жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгына таасир этүү аракеттери болушу мүмкүн деген маалыматтар да айтылууда.

Кээ бир кызмат адамдары компания өкүлдөрүн кечке чейин кармап, айрым суммаларды кайра кароону же азайтууну сунуштап, документтерге кол коюуга аракет кылышканы тууралуу да билдирүүлөр бар.

Scroll to Top