Депутат парламентте короолордогу шлагбаумдар жана үйдүн жанындагы жер тилкелери маселесин көтөрдү.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев пленардык жыйындын жүрүшүндө май айында Бишкек мэриясын жыйынга чакырып, шаардык көйгөйлөр боюнча муниципалитеттин маалыматын угууну сунуштады.
«Мен шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрдүм, алардын үчөөндө тең шлагбаум маселеси көтөрүлдү. Алар ӨКМдин жана Тез жардам унааларынын жүрүшүнө тоскоолдук кылат деген жүйө менен алынып салынууда. Бирок, өзүңүздөр билгендей, көптөгөн көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда аларды баш аламан унаа токтотууну болтурбоо үчүн орнотушат жана тажрыйба көрсөткөндөй, айрым шаарларда шлагбаумдарга уруксат берилген. Каалаган короого кирип көрүңүз, мэрия унаа токтотуучу жайларды (парковкаларды) курбагандыктан, короолордо баш аламандык, бардык короолор унаага толуп калган. Орун талашып кошуналар эле эмес, короого кирип алган бөтөн адамдар да мушташып, “бул сенин корооң эмес, жалпы менчик” деп айтышат. Мына ошол жалпы менчик болгону үчүн короолордо тартип жок», – деди Бекешев.
Парламентарийдин пикиринде, мэрия өз позициясын кайра карап чыгып, айрым жерлерде шлагбаумдарды орнотууга уруксат бериши керек.
Бекешев ошондой эле 2025-жылы үйдүн жанындагы жер тилкелерин жол-жоболоштуруу боюнча Министрлер кабинетинин токтому күчүн жоготту деп табылып, эми көп кабаттуу үйлөр үйдүн жанындагы жер тилкелеринен ажырап калганына нааразычылыгын билдирди.
«Бул эмне үчүн жасалганын мага эч ким түшүндүрүп бере албайт. Жер кодекси боюнча үй жанындагы жер тилкесин документтештирүүгө болот, бирок тиешелүү мыйзам алдындагы актылар жок. Жана мындай шаардык көйгөйлөр өтө көп. Мен түшүнүп турам, биз шаардык кеңеш эмеспиз, бирок биздин парламентте Бишкектен 12 депутат отурат», – деди Бекешев.
Парламенттин спикери Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш тарабынан шаардагы тыгындар боюнча токтом кабыл алынганын жана мэриянын маалыматын башка маселелер боюнча да угууга боло турганын белгиледи.