Быйыл 400 миң тоннадан ашык көмүр экспорттолду. «Кыргызкөмүр» жыл жыйынтыгын чыгарды
2025-жылы «Кыргызкөмүр» ишканасы 1 млн 350 миң тонна көмүр казып алып, планды 115%га ашык аткарды. Бул тууралуу ишкананын жыл жыйынтыгы тууралуу маалыматында айтылды.
Маалыматка ылайык, ишкана 400 миң тоннадан ашык көмүрдү чет жерлерге экспорттогон. Өкмөт буга чейин ишканага көмүр экспортун көзөмөлдөө укугун берген.
Ошондой эле бул жылы Кара-Кече кенинде сорттоо комплекстери ишке киргизилгени айтылды. Учурда бул комплекстер керектөөчүлөрдүн талаптарына ылайык көмүрдүн сапатын жогорулатууну камсыз кылууда. Ишкана бул жылы калк, Бишкек ЖЭБи көмүр менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздалганын, көмүр жеткирүү белгиленген графикке ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди.
Мындан тышкары 2025-жылы өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчүн ишканага 41 даана заманбап тоо-кен жана жардамчы техника сатып алынган. Ал эми 2024-жылы 27 даана техника алынган. Муну менен кыртыш ачуу иштери 120%дан ашык аткарылган.
“2025-жылы Кожо-Келен, Бешбурхан, Сүлүктү талаа – 11, Маркай жана Торугарт-1 кендери ишке киргизилди. Учурда аталган кендерде даярдоо, кыртыш ачуу жана көмүр казып алуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө”,- деп билдирди ишкана.
Белгилей кетсек, ушул жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканадан ачык акционердик коом формасына өткөн.