Казакстанда AZAL учагы кулаган кырсык боюнча Орусия Азербайжанга кенемте төлөйт

Мындан эки жыл мурун Казакстанда Azerbaijan Airlines (AZAL) авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учактын кулап түшүшүнө байланыштуу Орусия Азербайжанга кенемте төлөйт. Бул тууралуу Орусия менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.
Маалыматка ылайык, эки өлкө учактын кыйроосуна байланыштуу кесепеттерди, анын ичинде кенемте төлөө маселесин тийиштүү түрдө жөнгө салууга келишишкени айтылат. Мындай макулдашууга Орусия менен Азербайжандын президенттеринин 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарындагы жолугушуусунда жетишилген.
Билдирүүдө ошондой эле авиакырсыкка Орусиянын аба мейкиндигинде абадан коргонуу тутумунун (ПВО) байкабастан иштеп кетүүсү себеп болгону айтылат.
Эске салсак, Азербайжанга таандык Embraer 190 учагы 2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозный шаарына бара жатып, Казакстандын батышындагы Актау шаарына жакын жерге кулап түшкөн. Учакта беш экипаж мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон. Кырсыктан 29 киши тирүү калган, алардын арасында үч кыргызстандык жаран болгон.