Бишкек — Ош багытындагы билеттер 8 820 сомдон 7 600 сомго чейин арзандады
Май майрамдарында Бишкек — Ош — Бишкек багытындагы авиабилеттердин баасы 8 820 сомдон 7 600 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын кыргызстандык беш авиакомпаниянын — «Avia Traffic Company», «Tezjet», «Аэро Номад Эйрлайнс», «Sky FRU» жана «Асман Эйрлайнс» жетекчиликтери менен болгон жумушчу жолугушуусунан кийин ишке ашты.
Жолугушуунун өткөрүлүшүнө социалдык тармактардагы даттануулар жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын майрам күндөрү ички каттамдарда баалардын кескин өсүшү боюнча көтөргөн маселелери себеп болду. Билеттердин баасы 10 000 сомго чейин жеткени айтылган, бирок авиакомпаниялар муну төгүндөштү — алардын маалыматы боюнча, сатыкта мындай баалар болгон эмес.
Жолугушууда тарифтердин түзүмү, авиакеросиндин наркынын билет баасына тийгизген таасири, ошондой эле ортомчулар жана онлайн-платформалар аркылуу сатуудагы агенттик үстөк баалар (надбавкалар) талкууланды. Авиакомпанияларга майрам күндөрү бааларды негизсиз көтөрүүгө жол берилбестиги тууралуу эскертмелер (предписание) берилип, баа боюнча макулдашуу түзүү сунушталды.
Ички авиакаттамдар рыногундагы бааларга мониторинг жүргүзүү мындан ары да улантылат.