«Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт»: Президент аялдарга карата зомбулук тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдагы сөзүндө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселесине өзгөчө көңүл бурду. Мамлекет башчысы аялдарга кол көтөргөн коомду маданияттуу деп эсептөөгө болбойт деп билдирди. Ал акыркы жылдары агрессиянын деңгээли өсүп, аялдарды жана балдарды коргоо маселеси критикалык чекке жеткенин өкүнүү менен белгиледи.
Өлкө лидери бир дагы жагдай мыкаачылыкты актоо үчүн шылтоо боло албаарын кескин айтты. Ал зордук-зомбулукту кандайдыр бир себептер менен түшүндүрүү аракеттери кабыл алынгыс экенин баса белгиледи. Мамлекет мындай фактыларга катуу чара көрүүнү көздөөрүн айтты.
“Биз буга жол бербейбиз! Мамлекет катаал чара көрөт: аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт, бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы”,- деп билдирди.
Садыр Жапаров делегаттарды жана жарандарды аялга же балага күч колдонгон ар бир адам катаал жазага тартыларын билдирди. Анын айтымында, бул жөн гана сөз эмес, бийликтин бекем сактала турган принципиалдуу позициясы.
“Өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы кесе айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл! Эч бир салт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш”,- деди ал.