Кырдаал кооптуу мүнөздө болгон эмес – «Кыргызстан аэропорттору» ААК Бишкек – Ош каттамындагы өзгөчө кырдаал тууралуу

17.04.2026 | 14:02

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтан Reporter.kg сайтына билдиришкендей, 16-апрелде Бишкек — Ош багыты боюнча учкан Dash 8 (каттоо номери EX-21003) аба кемесинин № MN-15 каттамында орун алган кырдаал кооптуу (критикалык) мүнөзгө ээ болгон эмес жана толук көзөмөлдө болгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек — Ош каттамындагы учакта болгон өзгөчө кырдаал тууралуу жазган Фейсбук колдонуучусу Эртуран Разаковдун постунун алдына бул окуяны тастыктап, өзү да ал жакта жүргүнчү болгонун белгилеген.

Компаниядан такташкандай, учуу маалында экипаж салондогу басымдын жана кычкылтектин коопсуз деңгээлин кармап турууга жооптуу болгон кабинага аба басымын берүү (наддув) системасынын сигнализациясы иштеп кеткенин каттаган.

Белгиленгендей, сигнализациянын иштеп кетиши басымдын жарым-жартылай өзгөрүшү мүмкүн экендигин көрсөткөн.

Өндүрүүчү De Havilland Canada компаниясынын нускамаларына ылайык, экипаж каралган бардык процедураларды аткарган жана алардын аракеттери белгиленген регламенттерге, эл аралык коопсуздук стандарттарына толук жооп берген, деп баса белгилешти компаниядан.

Учак ылдыйлаган учурда аба басымын берүү системасынын кошумча индикациясы катталып, андан соң басымдын параметрлери турукташкан.

Компаниянын маалыматына караганда, кычкылтек менен камсыз кылуу системасы кадимки (штаттык) режимде иштеген: баллондор жарактуу абалда болгон, индикаторлор стандарттуу параметрлерди көрсөтүп турган. Кычкылтек берүү аба кемесинин техникалык мүнөздөмөлөрүнө туура келген төмөндөтүлгөн интенсивдүүлүктөгү топтоо (накопительный) режиминде жүргүзүлгөн.

Учурда кабинага аба басымын берүү системасынын иштеп кетишинин себептери боюнча текшерүү жана техникалык иликтөө жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Scroll to Top