Элдик курултайда 67 өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды

Бүгүн, 25-декабрда, президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан IV Элдик курултайдын жүрүшүндө өлкө боюнча 67 өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ишканалардын арасында логистикалык борбор, сүттү кайра иштетүү цехи жана асфальт-бетон заводдору бар. Ошондой эле бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана спорт залдарынын ачылышы болду.
Мындан тышкары Баткен облусунда алыскы Зардалы айылына алып барган Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолунун курулушу аяктап, расмий түрдө ишке берилди.
Жолдун жалпы узундугу 17,5 км. Узундугу 7,5 чакырым болгон тилкеде жолду кеңейтүү иштери аткарылып, жардыруу иштери жүргүзүлүп, жаңы жол курулду. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон көпүрө салынды.