Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Токмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалды
20.04.2026 | 13:24

Токмок шаарындагы мектептердин биринде физика сабагынан берген мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-апрелде милицияга 2012-жылы туулган окуучу кыз өзү окуган мектепте иштеген, 2005-жылы туулган А.А. тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мугалим кармалып, соттун чечими менен эки айга камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы, жабырлануучу тарап жашы жете элек болгондуктан, окуянын толук жагдайлары тууралуу маалымат берилбей турганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар