Салык жыйымдары рекорддук 389 млрд сомго жетти. МСК жыл жыйынтыгын чыгардыПрезиденттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынатКамчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалдыКумтөрдүн кирешеси 124 млрд сомдон аштыКыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 46 тепкичке көтөрүлдү
Кумтөрдүн кирешеси 124 млрд сомдон ашты
29.12.2025 | 14:37

2025-жылга карата «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн 124 млрд 216 млн сомдон ашык киреше түштү. Ал эми таза кирешеси 59 млрд 286 млн сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Ишкана ушул жылдын 12 айында Кыргызстандын бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 21,5 млрд сомдон ашык каражат төлөнөрүн билдирди. Ошондой эле дивиденд түрүндө 13 млрд 48 млн сом которулган.
Мындан тышкары 2025-жылдын аягына чейин алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннадан ашары айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика