Бекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айтты
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Тышкы иштер министрлигин аттестациялык комиссияга кеңири ыйгарым укуктарды бергендиги жана дипломатиялык кызматкерлерге коюлган талаптарды күчөткөнү үчүн мактады.
«Өз убагында Тышкы иштер министрлигинде да, Жогорку Кеңеште да дипломатияга тиешеси жок адамдар дайындалган. Биз ал адамдарды жакшы билебиз. Азыр болсо алар дипломатиялык корпустун кызматкерлери болуп эсептелип, элчиликтерге жөнөтүлүп жатышат», — деди ал.
Депутат дипломатиялык кызматкерлерге коюлган талаптарды катаалдаштырууну колдой турганын белгилеп, негизги талап катары иштей турган өлкөнүн тилин билүү болушу керектигин айтты.
«Мен ал жакка чыныгы компетенттүү, квалификациялуу, барган өлкөнүн тилин билген кадрлар барышын каалайт элем. Биз көп учурда элчиликтерге барганда кызматкерлердин тил билбегенин көрөбүз. Элчи — бул көбүнчө саясий кызмат. Бирок кызматкерлер барган өлкөнүн тилин сөзсүз билиши керек. Биздикилер үчүн уят», — деди депутат.